Akchabarsearch
Караколго тартылган инвестиция 8 эсеге өсүп, 9.5 млрд долларга жетти

Жарыяланган

2026-13-11, 16:53

Караколго тартылган инвестиция 8 эсеге өсүп, 9.5 млрд долларга жетти

Каракол шаарында 2026-жылы инвестициялардын көлөмү 9.5 млрд долларга жеткен. Бул 2021-жылдагы 1.2 млрд долларга салыштырмалуу дээрлик 8 эсеге көп. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 13-ноябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын тогуз айында Каракол шаарында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 4.6 млрд сомду түзгөн. Бул 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.

Шаарда жалпы наркы 349.6 млн сом болгон 33 өндүрүш объектиси боюнча долбоорлор ишке ашырылып, 1 миң 155 жумуш орду түзүлгөн.

Ошондой эле социалдык объектилерди курууга 435.1 млн сом бөлүнгөн. Бул каражатка 6 бала бакча, 3 мектеп жана 1 китепкана куруу каралган. Ал эми 8 бала бакча менен 6 мектепти реконструкциялоого 3.6 млрд сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары, шаардагы жолдорду курууга 2.075 млрд сом жумшалып, 61.8 чакырым жаңы жол курулган.

«Каракол» эл аралык аэропорту 2.1 млрд сомго жаңыланган. Ошондой эле шаар тургундарын тейлөө үчүн 60 автобус сатып алынган.


Тектеш материалды окуу