
Жарыяланган
2026-09-10, 12:31Каракол шаарындагы Кутманалиев көчөсүнүн №114 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 741.38 чарчы метр болгон имарат жана жер тилкеси шаардык статистика башкармалыгына өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 30-сентябрындагы №745 тескемесинде айтылат.
Документке ылайык, имарат Улуттук статистика комитетинин Каракол шаардык статистика башкармалыгына берилет.
Бул чечим Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 9-июнундагы №456-р тескемесине өзгөртүү киргизүү менен кабыл алынган.
Мурдагы тескемеге ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке Ысык-Көл облустук статистика башкармалыгынын Орозов көчөсүнүн №5 дарегинде жайгашкан мүлк комплексин Каракол мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү тапшырылган. Имараттын аянты 963.6 чарчы метрди, ал эми жер тилкесинин аянты 1 миң 869 чарчы метрди түзөт.
Ошондой эле Каракол мэриясына аталган объектти мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү, аны күтүүгө кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөө жана Кутманалиев көчөсүнүн №114 дарегиндеги имаратты шаардык статистика башкармалыгына өткөрүп берүү сунушталган.



