
Жарыяланган
2026-27-10, 11:15Каракол эл аралык аэропорту жакын арада күнү-түнү иштөөгө өтөт. Учурда аэропорт керектүү кызматкерлер менен толук камсыздалган.
Бул тууралуу «Ачык кабинет» программасынын алкагында өткөн жыйында «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Беркут Калмуратов билдирди.
Буга чейин аэропорт белгиленген убакытта гана иштеп келген. Эми жаңы тартипке өткөндөн кийин учактарды күнү-түнү кабыл алууга жана учурууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Белгилей кетсек, Каракол аэропорту 1971-жылы негизделген. Ал 2018-жылы ишин токтотуп, оңдоп-түзөөдөн кийин 2024-жылдын 11-декабрында кайра ачылган.
2026-жылы аэропортту жаңылоо иштери улантылып, учуп-конуу тилкеси 2 миң 450 метрден 3 миң 750 метрге чейин узартылган. Ошондой эле учактардын коопсуз конушу үчүн жаңы жарыктандыруу жана атайын жабдуулар орнотулган.
Быйыл 10-августта аэропорт Airbus A320 үлгүсүндөгү учакты техникалык сыноо учуусунун алкагында кабыл алган.



