Akchabarsearch
Бишкекте курулуштагы автокран оодарылып, компанияга 200 миң сом айып салынды

Жарыяланган

2026-06-08, 18:00

Бишкекте курулуштагы автокран оодарылып, компанияга 200 миң сом айып салынды

Бүгүн, 6-августта Бишкектеги Арстанбек Дүйшеев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жанында жүк көтөрүүчү автокран оодарылып кетти. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, автокран темир түтүктөрдү көтөрүп жаткан учурда коопсуздук талаптары сакталбай, техника туруктуулугун жоготуп оодарылып кеткени аныкталган.

Окуядан эч ким жабыркаган эмес. Бирок кранды жылдыруу учурунда жанындагы жеңил унаа чийилип калган. Курулуш компаниясы унаага келтирилген чыгымды өз эсебинен төлөп берерин билдирген.

Курулуштагы коопсуздук талаптарын бузганы үчүн “Нурзаман” ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле компаниянын прорабы менен кран башкаруучусу тиешелүү сертификаттарынан ажыратылды.

Мындан тышкары, мамлекеттик көзөмөлдү талаптагыдай жүргүзбөгөн департаменттин жооптуу кызматкери кызматынан бошотулду.


Тектеш материалды окуу