
Жарыяланган
2026-28-10, 11:09Бишкектин Юнусалиев көчөсүндөгү №92 даректе курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Арт Вин» компаниясына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуп жаткан 12 кабаттуу үйдүн 10-кабатынан курулуш калдыктары коңшу турак үйдүн аймагына кулап түшкөн.
Жарандардын кайрылуусунан кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш калдыктары, анын ичинде бетон куюуда колдонулган калыптардын бөлүктөрү коңшу үйдүн аймагына түшүп, тургундардын коопсуздугуна коркунуч жаратканы аныкталган.
Мындан улам «Арт Вин» ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, мыйзам бузууларды жоюу тапшырылган.
Министрлик курулуш компанияларын коопсуздук талаптарын сактоого чакырып, эреже бузгандарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.



