
Жарыяланган
2026-07-09, 15:22Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу 2026-жылдын 8-сентябрынан тартып Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө кирет.
Жол кыймылынын качан калыбына келтирилери оңдоо иштеринин жүрүшүнө жана аяктоо мөөнөтүнө жараша кошумча маалымдалат.



