Akchabarsearch
Бишкекте 100 орундуу Гепатология борбору курулат

Жарыяланган

2026-31-08, 09:53

Бишкекте 100 орундуу Гепатология борбору курулат

Бишкекте жалпы аянты 3 100 чарчы метр болгон төрт кабаттуу Гепатология борбору курулат. Ал Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында жайгашат. Борбордун пайдубалына капсула салуу аземи өттү.

Парламенттен билдиришкендей, жаңы борбор 100 бейтапка ылайыкталат. Анда боор ооруларын эрте аныктоо, так диагноз коюу жана дарылоо үчүн бардык шарттар түзүлөт.

Борбордо бейтаптарды медициналык кароодон өткөрүү, тереңдетилген диагностика жүргүзүү, стационардык жана амбулатордук дарылоо, диспансердик көзөмөл жана кийинки медициналык коштоо кызматтары көрсөтүлөт.

Долбоордун алкагында имарат заманбап медициналык жана диагностикалык жабдуулар, ошондой эле керектүү инвентарлар менен толук камсыздалат.

Иш-чарада Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жаңы борбор жарандарга боор ооруларын өз өлкөсүндө дарыланууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Анын айтымында, медицина тармагындагы реформалар ооруканаларды куруу жана оңдоо менен гана чектелбестен, дарыгерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга жана айлык маянасын жогорулатууга да багытталган.

Долбоорду ишке ашырууда демөөрчү тарап борборду жабдуулар жана керектүү инвентарлар менен камсыздап, толук даяр абалда пайдаланууга берүүгө даяр экенин билдирди.


 


 


Тектеш материалды окуу