Akchabarsearch
Бишкекте тротуар куруу үчүн 450 чарчы метр муниципалдык жер бошотулууда
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-23-10, 10:46

Бишкекте тротуар куруу үчүн 450 чарчы метр муниципалдык жер бошотулууда

Бишкектин Ленин районундагы Крупская көчөсүндө жаңы тротуар куруу иштери жүрүп жатат. Курулуш үчүн 450 чарчы метрге жакын муниципалдык жерди бошотуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Тротуар Крупская көчөсүнүн Кустанай көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейинки бөлүгүндө курулат.

Курулушка даярдык учурунда муниципалдык жерди ээлеп турган тосмолор жана башка объекттер аныкталган. Натыйжада 50гө жакын объекттин ээсине жерди бошотуу боюнча эскертүү берилген.

Учурда алардын жарымына жакыны тосмолорун өз ыктыяры менен алып салышкан. Калган тургундар менен түшүндүрүү иштери уланууда.

Азыркы тапта Кустанай көчөсүнөн Заводская көчөсүн көздөй бордюрларды орнотуу иштери жүрүп жатат.


Тектеш материалды окуу

Бишкекте тротуар куруу үчүн 450 чарчы метр муниципалдык жер бошотулууда Акчабарда