Жарыяланган
2026-08-10, 11:02Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушундагы №86 мектептин 940 орундуу жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталып, републикалык бюджеттен каржыланды. Мектептин жалпы аянты 1217 чарчы метрди түзгөн үч блоктуу имараттан турат.
Жаңы корпуста окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы, эмгек кабинеттер жана спорт залы каралган.
Ошондой эле мектеп заманбап инженердик системалар менен жабдылып, жаңы эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар, окуу жабдуулары менен камсыздалган.



