
Жарыяланган
2026-27-08, 10:18Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Достук паркынын аймагында, Ахунбаев көчөсү, 97А дарегиндеги, мурда «Будда бар» жайгашкан аянты 1 330 чарчы метр болгон жер тилкеси Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылды.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев аталган аймакты жеринен барып көрүп чыкты.
Мэр тиешелүү кызматтарга учурдагы тосмону алып салууну тапшырды. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүп, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү жана кошумча бак-дарактарды отургузуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу милдети коюлду.
Мындан тышкары, жер тилкесин парктын курамында сактап, анын багытын өзгөртпөө жана парктын жалпы көрүнүшүнө ылайык көрктөндүрүү тапшырылды.




