
Жарыяланган
2026-03-11, 13:25Бишкек шаарындагы Киев көчөсү 2027-жылдан тартып пилоттук долбоордун алкагында толук реконструкциядан өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Максат Жумабаев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, долбоордун алкагында көчөдө жөө жүргүнчүлөр, велосипед жана скутер сыяктуу жеке мобилдүү каражаттар үчүн өзүнчө тилкелер каралат.
Ошондой эле коомдук транспорттун кыймылы электробустарга ылайыкташтырылып, заманбап жашыл көчө уюштурулат.
Ал эми учурда Киев көчөсүндө убактылуу жолдогу чуңкурлар толтурулуп, бузулган жерлери жамалууда.



