Akchabarsearch
Бишкекке жыл аягына чейин 100 жаңы автобус алып келүү пландалууда

Жарыяланган

2026-03-11, 16:31

Бишкекке жыл аягына чейин 100 жаңы автобус алып келүү пландалууда

Бишкекке жыл аягына чейин дагы 100 автобус алып келүү пландалууда. Учурда борбор калаада 620 автобус жетишпейт. Бул тууралуу мэриянын Транспорт департаментинин коомдук транспортту уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Бакыт Калыков «Элден собол» берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, жаңы автобустардын узундугу 9 метрге чейин жетет. Алар жүргүнчүлөр үчүн керектүү шарттар менен камсыздалып, кондиционерлер орнотулат.

Бишкекте автобус тартыштыгы административдик-аймактык реформадан кийин күчөгөн. Анткени шаардын курамына калктуу жаңы конуштар кошулуп, коомдук транспортко болгон муктаждык көбөйгөн.

Учурда борбор калаада 86 автобус каттамы иштейт. Анын онун Өзбекстандан алынып келинген Isuzu үлгүсүндөгү автобустар тейлейт.

Мындан тышкары, 2024-жылы шаардын жаңы конуштарына чыгарылган кичи автобустар 26 каттамда иштеп жатат. Ошентип, Бишкекте жалпы 112 коомдук транспорт каттамы бар.


Тектеш материалды окуу