Akchabarsearch
Быйыл майыптык боюнча пенсияларга 7,6 млрд сом бөлүндү

Жарыяланган

2025-04-12, 17:11

Быйыл майыптык боюнча пенсияларга 7,6 млрд сом бөлүндү

Министрлер кабинети Адылбек Касымалиев майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин  жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. 

Адылбек Касымалиев Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын санынын 2007-жылга салыштырмалуу 221 миң адамга көбөйгөнүн өкүнүү менен белгилеп, мамлекеттик колдоонун күчөтүлгөндүгү жөнүндө айтып берди.

“2022-жылдан тарта социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү эки эсеге көбөйтүлдү. 2025-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда бул максаттарга 8,6 млрд сом каралган. Ошол эле учурда жөлөк пулдун орточо өлчөмүн (6 411 сом) жашоо минимумунун деңгээлине жеткирүү пландаштырылууда. 

Ушул жылы майыптык боюнча пенсияларга 7,6 млрд сом багытталган, анын орточо өлчөмү 9 600 сомго жетти”, - деди ал.

Жыйындын соңунда министрлер кабинетинин төрагасы бардык айтылган сунуштарды жана маселелерди камтыган протоколдук чечимдин долбоорун даярдоону тапшырды. 


Тектеш материалды окуу