Akchabarsearch
Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 37 миңге жетти

Жарыяланган

2025-03-12, 10:25

Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 37 миңге жетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 221 миң адам майыптыгы менен жашап, алардын 37 миңден көбү балдар.

“Кийинки кезде олуттуу мамлекеттик масштабдагы маселеге айланган. Кырдаалды жакшыртуу максатында мамлекет тарабынан материалдык жардам көрсөтүп жөлөк пулдарды берүү менен чектелбестен толук кандуу билим алуу, кесиптик даярдоо, сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүлөр, реабилитация, эмгек рыногунда кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү милдеттери дагы каралууда”, - деди Касымалиев.


Тектеш материалды окуу