
Жарыяланган
2026-27-03, 15:02Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген жыйынына катышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Жыйынга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары, Армениянын вице-премьер-министри, байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана Евразия экономикалык комиссиясынын жетекчилиги катышты.
Күн тартибинде ондон ашуун маселе каралды.
Касымалиев өз сөзүндө Биримдиктин акыркы беш жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, өз ара товар жүгүртүүнүн өсүшү жана мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсү байкалганын белгиледи.
Ошондой эле ал эмгек миграциясы жаатындагы координацияны күчөтүү зарылдыгын айтып, тиешелүү ведомстволордун деңгээлинде туруктуу консультациялык аянтча түзүүнү сунуштады.
Мындан тышкары логистиканын натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптик чечимдерди кеңири колдонуу маселелерине көңүл бурду.
Жыйындын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлуп, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйынын быйылкы жылдын август айында Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынды.

