Akchabarsearch
Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барат

Жарыяланган

2026-25-03, 09:27

Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 26–27-март күндөрү Казакстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Адылбек Касымалиев иш сапарынын сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышат.

Тар жана кеңейтилген курамда өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартиби соода-экономикалык жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыйт.

Ошондой эле, “Digital Qazaqstan – 2026” эл аралык санарип форумуна катышып, форумдун алкагындагы санарип долбоорлордун көргөзмөсү менен таанышып, пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.

Иш-чараларга Беларустун, Казакстандын, Россиянын өкмөт башчылары, Армениянын вице-премьери, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат. 

Мындан тышкары, Евразия экономикалык биримдигине байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары, коомдук ишмерлер жана ири IT-компаниялардын жетекчилери, санарип тармагынын эксперттери катышаары күтүлүүдө.


Тектеш материалды окуу