Жарыяланган
2026-24-03, 16:45Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев быйыл Талас облусунда өтө турган Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган мамлекеттик маанидеги майрамдык иш-чараны өткөрүүгө даярдыктарды көрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
“Президент бардык аймактардын өнүгүүсүнө катуу басым жасагандыгы үчүн жыл сайын мамлекеттин номер биринчи майрамы ар башка аймакта өткөрүлүп жатат. Бул өлкөбүзгө салт катары кирди. Ошондуктан Талас жергесине өтө турган быйылкы майрам мурунку жылдардан дагы күчтүү, кызыктуу, мазмундуу жана жогорку уюшкандыкта өтүүгө тийиш”- деди Адылбек Касымалиев.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, жаңы реформалар, ири инфраструктуралык долбоорлор жана социалдык өзгөрүүлөр аркылуу мамлекеттин жаңы доорун түзүп жатканын белгиледи.
Көчмө жыйында Көз карандысыздык күнүн майрамдоонун алкагында ачыла турган – пландаштырылган объекттер жана майрамдык концерттик программанын жалпы концепциясы туурасында баяндамалар жасалды.
Жыйындын жыйынтыгында Касымалиев алдыдагы иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулуп, ар бир деталына чейин так даярдалышы зарылчылыгын баса белгилеп, жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берди.
