Akchabarsearch
Быйыл сегиз айда кайра иштетүү тармагы 69 млрд сомго жакын продукция өндүрдү

Жарыяланган

2025-16-09, 13:11

Быйыл сегиз айда кайра иштетүү тармагы 69 млрд сомго жакын продукция өндүрдү

2025-жылдын январь-август айларында Кыргызстанда тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары тарабынан өндүрүлгөн продукциялардын жалпы көлөмүнүн 20,3% тамак-аш азыктары, суусундуктар жана тамеки өндүрүүчү ишканаларга туура келди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул мезгил ичинде аталган тармакта 68 млрд 728 млн 200 миң сомдук продукция өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч учурдагы баа менен эсептелген.

Министрликтин маалыматына ылайык, физикалык көлөмдүн индекси 144,4% түздү. Салыштырсак, былтыр январь-август айларында бул көрсөткүч 119,3% болгон. Бул 2025-жылы өндүрүш көлөмдөрү олуттуу түрдө өскөнүн айгинелейт.
 


Тектеш материалды окуу