Akchabarsearch
Кочкордогу "Робинзон" сортундагы айсберг салаты чет өлкөгө экспорттолууда

Жарыяланган

2025-19-09, 14:03

Кочкордогу "Робинзон" сортундагы айсберг салаты чет өлкөгө экспорттолууда

Кочкор районунун Семиз-Бел айылындагы “Жеке-Тайлак” участкасында көп жылдан бери пайдаланылбай келген 21 гектар жер “ЭКОТЕР” ишканасы тарабынан кайра иштетиле баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Жазында бул аянтка буудай, арпа жана айсберг сортундагы салат айдалган. Азыркы учурда:
•    10 гектарга буудай,
•    9 гектарга арпа,
•    2 гектарга тамчылатып сугарылуучу айсберг салаты өстүрүлүүдө.

Дыйкандын айтымында, Кочкор районунун климаттык шарты айсберг салатын өстүрүүгө абдан ылайыктуу. Бул салаттан жылына үч жолу түшүм алуу мүмкүнчүлүгү бар. Эл аралык базарда 1 килограмм айсберг салаты орточо 1 АКШ долларына бааланат, ал эми бир баш салаттын салмагы 800 граммга чейин жетет.

Быйылкы түшүм 8 тоннага жакын болот деп күтүлүүдө. Алынган продукция чет өлкөгө экспорттоло баштады.

 


Тектеш материалды окуу