Akchabarsearch
Быйыл төрт айда Кыргызстанга 96.1 млн сомго жер жаңгак импорттолду

Жарыяланган

2026-13-07, 11:32

Быйыл төрт айда Кыргызстанга 96.1 млн сомго жер жаңгак импорттолду

2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга 96.1 млн сомго жер жаңгак импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Өлкөгө жалпы 1.7 миң тоннага жакын жер жаңгак импортолгон. 

Кыргызстан жер жаңгакты Өзбекстан (1 миң 84.2 тонна), Кытай (600.8 тонна), Түркмөнстан (5.3 тонна), Россия (900 кг) жана Тажикстандан (400 кг) сатып алган. 

2025-жылдын төрт айына караганда быйылкысында жер жаңгактын импорту дээрлик 2 эсе өскөн. Былтыр январь-апрель айларында өлкөгө 877.6 тонна жер жаңгак импорттолгон. 


Тектеш материалды окуу