
Жарыяланган
2026-17-02, 16:25Быйыл жол куруу тармагына жалпы 39 млрд 111 млн сом каражат жумшалат. Бул тууралуу транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиев Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын маалыматына ылайык, жалпы сумманын ичинен Каракол шаарынын ички жолдорун оңдоого Турукташтыруу фондунан 1.5 млрд сом бөлүнөт.
Ал эми Капиталдык салымдардын алкагында 20 млрд 680 млн сом каралган. Бул каражаттын 17 млрд 680 млн сому Барскоон – Бедел жолунун курулуш иштерине багытталат. Жол фондунан 7 млрд 949 млн сом каралып, кошумча каражат түшкөн учурда бул сумма дагы көбөйүшү мүмкүн.
Жалпысынан 2026-жылы өлкө боюнча 457 чакырым жолго асфальт төшөө мерчемделүүдө.
Анын ичинен Чүй облусунун 83 чакырымын, Нарын облусунун 74 чакырымын, Талас облусунун 61 чакырымын, Ысык-Көл облусунун 58 чакырымын, Ош облусунун 76 чакырымын, Жалал-Абад облусунун 65 чакырымын, Баткен облусунун 37.4 чакырымын оңдоо пландаштырылган.

