Akchabarsearch
Чүйдө сапатсыз курулган 3.2 чакырым жол кайрадан оңдолууда

Жарыяланган

2026-17-11, 13:37

Чүйдө сапатсыз курулган 3.2 чакырым жол кайрадан оңдолууда

Чүй облусунда Чапаев – Кегети – Арпатекир унаа жолуна асфальтты талапка ылайык төшөбөгөн компанияга 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда жолдун 3.2 чакырымында асфальт төшөө иштери белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлгөнү аныкталган.

Натыйжада жолду курган «Дол Нур ЛТД» компаниясына 200 миң сом айып пул салынып, кемчиликтерди жоюу тапшырылган.

Учурда компания сапатсыз төшөлгөн асфальтты алып, жолду кайрадан талапка ылайык жасап жатат.


Тектеш материалды окуу

  • Чүйдө сапатсыз курулган 3.2 чакырым жол кайрадан оңдолууда

    Чүй облусунда Чапаев – Кегети – Арпатекир унаа жолуна асфальтты талапка ылайык төшөбөгөн компанияга 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
    2026-17-11 07:37:48
  • Быйыл жол курууга 39 млрд сом жумшалат

    Быйыл жол куруу тармагына жалпы 39 млрд 111 млн сом каражат жумшоо пландалууда. Бул тууралуу транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиев Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
    2026-17-02 10:25:07