Akchabarsearch
Былтыркы жылы билим берүү тармагына 75,3 млрд сом бөлүндү

Жарыяланган

2026-27-02, 15:38

Былтыркы жылы билим берүү тармагына 75,3 млрд сом бөлүндү

Былтыркы жылы билим берүү тармагына 75,3 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов республикалык кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы аталган тармакка 40,7 млрд сом бөлүнгөн. 

“Мектепке чейинки курактагы балдардын жалпы камтылышы 2021-жылдагы 22 %дан 51%га чейин өстү. 2025-жылы 117 мектеп салынып жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү”, - деди ал.

Ал республика боюнча 560 жамааттык (кыска мөөнөттүү) бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлгөнүн кошумчалады. 


Тектеш материалды окуу