Akchabarsearch
Окуучуларды электрондук которуу маселеси каралды

Жарыяланган

2026-26-01, 15:45

Окуучуларды электрондук которуу маселеси каралды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда билим берүү тармактарына инновациялык санариптик механизмдерди киргизүү маселелери каралды. 

Касымалиев окуучуларды бир мектептен экинчи мектепке которуунун электрондук механизмин киргизүү боюнча демилгени талкууга койду.

Берилген маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдөгү 2170 мамлекеттик жана муниципалдык мектепте 1,5 миллиондон ашык бала билим алат. Бирок окуучуну бир окуу жайдан экинчисине которуу процесси дагы деле кол жазма режиминде жүргүзүлүп, бул коррупциялык тобокелдиктерге жана мектептерге бирдей эмес жүк түшүүсүнө шарт түзөт.

«Биз ата-энелер көнүп калган биринчи класска электрондук каттоодон ийгиликтүү өттүк. Эми которуулар менен да ушундай тартипти орнотууга убакыт келди. Система класстарда бош орундардын бар экендигин автоматтык түрдө көрсөтүп, чечим кабыл алууда адам факторун жокко чыгарышы керек. Бул мектептин администрациясынын жүгүн жеңилдетип, процессти ар бир ата-эне үчүн түшүнүктүү кылат», — деди Адылбек Касымалиев.

Талкуунун жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы Билим берүү министрлигине кыска мөөнөттө жалпы билим берүү уюмдарынын ортосунда окуучуларды которуунун электрондук системасын иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү тапшырды.


Тектеш материалды окуу