Akchabarsearch
Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барат

Жарыяланган

2025-12-11, 11:54

Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барат

13-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынына катышат. 

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Адылбек Касымалиевдин жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун жетекчилиги алдында тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлөт. 

Отурумдарда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана кызматташуунун актуалдуу маселелери каралып, чечимдер кабыл алынат.


Тектеш материалды окуу