Akchabarsearch
10 айда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 595 млрд сомдон ашты

Жарыяланган

2025-05-12, 13:53

10 айда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 595 млрд сомдон ашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Сузак районунун Достук айылында гипсокартон чыгаруучу заводдун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Касымалиев республика боюнча жылына 100дөн ашуун ишкана ишке киргизилип жатканын белгиледи.

“Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 595 млрд сомдон ашып, өсүү 9,8%ды көрсөтүп, курулуш материалдарынын үлүшү 8,4% түздү. Өнөр жай сектору туруктуу оң динамиканы көрсөтүүдө, бул жалпы макроэкономикалык көрсөткүчтөргө таасирин тийгизүүдө. 

Алдын ала баалоо боюнча, ички дүң продукциянын көлөмү 1,4 трлн сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,0 %га көбөйдү”, - деди Адылбек Касымалиев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө гипс продукциясын импорттоодон көз карандылык жогору бойдон калып жатканын, анын импортунун көлөмү быйылкы жылдын 9 айында 8,5 млн чарчы метрди түзгөнүн кошумчалады. 

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 млн чарчы метрге чейин гипсокартон барактарын жана 60 миң тоннага чейин гипс порошогун чыгарууга мүмкүндүк берет. Ишканада 80 жумушчу оруну түзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга 11,7 млн доллар инвестицияланган.


Тектеш материалды окуу