Akchabarsearch
Бир айда Ысык-Көлдөн дээрлик 132 миң метр тор чыгарылды

Жарыяланган

2026-02-06, 12:53

Бир айда Ысык-Көлдөн дээрлик 132 миң метр тор чыгарылды

Быйыл май айында Ысык-Көлдөн жалпы узундугу 131 миң 900 метрди түзгөн эски синтетикалык браконьерлик торлор чыгарылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милициясынан билдиришти.

Алынган торлор таштандыны кайра иштетүүчү заводго жеткирилип, утилдештирилди. Муну менен катар суу алдындагы жана жээк тилкелерин таштандылардан тазалоо иштери кошо жүргүзүлдү.

Бул иш-чаралар президенттин Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо жана балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндөгү жарлыктарынын алкагында аткарылууда.

Милиция көлдүн тазалыгын сактоо багытындагы рейддерди мындан ары да улантат жана жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырат.
 


Тектеш материалды окуу