Akchabarsearch
Ысык-Көлдөн эки күндө 4 миң 600 метр балык уулоочу тор чыгарылды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-29-10, 12:14

Ысык-Көлдөн эки күндө 4 миң 600 метр балык уулоочу тор чыгарылды

27-28-октябрь күндөрү Ысык-Көлдөн жалпы узундугу 4 миң 600 метрди түзгөн эски синтетикалык тор жана 60 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, тазалоо иштери Түп районунун Кудургу, Кичи-Өрүктү жана Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү, Григорьевка айылдарынын аймагында жүргүзүлгөн.

Жалпысынан жыл башынан бери Ысык-Көлдөн 56 миң 200 метр балык уулоочу тор жана 1 тонна 480 килограмм таштанды чыгарылган.

Министрлик бул иштер көлдүн экологиясын сактоо, суу жандыктарын коргоо жана булгануунун алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатканын билдирди.


Тектеш материалды окуу