Akchabarsearch
Бир айда Токтогул суу сактагычындагы суу дээрлик 1 млрд куб метрге көбөйдү

Жарыяланган

2025-14-05, 09:59

Бир айда Токтогул суу сактагычындагы суу дээрлик 1 млрд куб метрге көбөйдү

Токтогул суу сактагычында 12-майга карата 9 млрд 432 млн куб метр суу толду. Бул тууралуу Электр станциялар ишканасынын сайтында айтылат. 

12-майда суу сактагычка секундасына 1042 куб метр суу агып кирип, 330 куб метр агып чыкан. 

Бир ай мурда Токтогул суу сактагычында 8 млрд 528 млн куб метр суу болгон. Ошондон бери суу 904 млн куб метрге көбөйдү. 

Былтыр 12-майда суу сактагычта 8 млрд 158 млн куб метр суу болгон. 


Тектеш материалды окуу