
Жарыяланган
2026-27-04, 17:46Токтогул суу сактагычында эки күндүк рейд жүрүп, жалпы 12 миң метр синтетикалык тор алынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Аталган торлор мыйзамсыз коюлуп, балыктардын азайышына жана суудагы канаттуулардын өлүшүнө себеп болушу мүмкүн экени айтылды.
Инспекторлор биринчи эле күнү 7 чакырым торду чыгарып, суу аймагын браконьерлердин таасиринен тазалашты. Ошондой эле балыкчыларга жана эс алуучуларга жаратылышты сактоо жана балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

