Akchabarsearch
Бишкек 106 муниципалдык унааны аукционго чыгарат

Жарыяланган

2026-26-08, 13:12

Бишкек 106 муниципалдык унааны аукционго чыгарат

Бишкек мэриясы муниципалдык менчикте турган 106 транспорт каражатын аукцион аркылуу сатууну пландап жатат. Алардын көбү иштебейт.

Аукцион 24-сентябрда саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси, 168 дарегинде өтөт.

Аукционго катышуу үчүн арыздарды 18-сентябрга чейин саат 17:00гө чейин тапшыруу керек. Катышуучулар транспорттун баштапкы баасынын 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм төлөшү зарыл.

Сатыкка жеңил жана жүк ташуучу унаалар, автобустар, тракторлор жана атайын техникалар коюлат. Алардын арасында «Бишкексууканал», «Бишкекжылуулукэнерго», «Тазалык» жана «Бишкекжарык» ишканаларынын техникалары бар.

Эң кымбат лот — 2004-жылы чыгарылган Mercedes-Benz S 500. Анын баасы 243 миң 750 сом деп бааланган. Унаа иштебейт.

Ошондой эле Mercedes-Benz 200E — 227 миң 400 сом, Daimler Chrysler 220 — 169 миң 350 сом деп бааланган.

Эң арзан лоттордун арасында 1981-жылкы ИЖ-2715 — 4 миң 991 сом жана 1982-жылкы РАФ-2203 унаасынын кузову — 4 миң 219 сом турат.

Мындан тышкары, аукционго экскаваторлор, жүктөгүчтөр, тракторлор, бульдозерлер жана ГАЗ, ЗИЛ, КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалар коюлат.


Тектеш материалды окуу