
Жарыяланган
2026-30-07, 18:09Бишкек мэриясы жол тыгын маселесин чечүү үчүн жеке унааларга чектөө киргизип, көбүрөөк кишини ташыган автобустарга басым жасоону максат коюп жатат. Бул тууралуу мэрия даярдаган президенттин жарлыгынын долбоорунда айтылат. Учурда бул документ коомдук талкууга чыгарылды.
Мэриянын маалыматы боюнча, азыр Бишкекте узундугу 2800 чакырымдан ашык жол бар. Анын 1402 чакырымы асфальт болсо, калган 1800 чакырымы таштак-топурак жолдор.
Башында Бишкек 50 миң унаага эсептелген шаар болгон. Эми болсо, Чүй менен башка аймактардан келген унааларды эсепке албаганда борбор калаанын өзүндө эле 400 миңден ашык унаа бар. Ага кошо унаалардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Унаанын көптүгүнөн шаарда жол тыгындары башкы көйгөйлөрдүн бири болууда.
Шаар бийлиги жолдорду оңдоп, кеңейтип эле жол тыгын маселесин чечүү мүмкүн эмес экенин белгилейт. Мэрия билдиргендей, изилдөөлөр көрсөткөндөй жолдорду салып, оңдоо менен катар көбүрөөк кишини ташыган автобустарга басым жасап, жеке унааларга чектөө коюу керек: автобус жолдун 10-12 метр жерин ээлеп 50 адамды ташыса, жеңил унаа 4-5 метрди ээлеп, болгону 1-4 кишини ташыйт. Болбосо жолдор оңолгон сайын жеке унаа айдагандар да көбөйүп, тыгын маселеси ошол бойдон кала берет.
Жарлыктын долбоорунда айтылгандай, Бишкектин жол-транспорттук системасын жакщыртуу үчүн мекемелер аралык штаб түзүлөт. Аны шаар мэри жетектейт.
Штаб үч ай ичинде 2026-2030-жылдарга тыгын маселесин чечүү үчүн план иштеп чыгат. Бул планда жолдорду жакшыртуу, жаңы траснпорттук инфраструктураны салуу, унаалардын агымын жөнгө салган системаларды киргизүү маселелер камтылат. Анын ичинде коомдук транспортко басым жасап, жеке унааларга чектөө киргизүү маселелери болот.



