
Жарыяланган
2026-30-07, 16:26Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин 30-июлда Чолпон-Ата шаарындагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган документтер кыргыз-өзбек кызматташтыгын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда мындан ары кеңейтүүгө багытталган.
Кол коюлган документтердин катарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишим бар.
Мындан тышкары төмөнкү документтерге кол коюлган:
- Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын тилкеси жөнүндө келишим;
- КР министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Чечме булагын биргелешип пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
- КР өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы 2004-жылдын 24-июлундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;
- КР министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу;
- КР өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы 2006-жылдын 3-октябрындагы жарандардын өз ара барып-келүүсү жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол;
- КР Коргоо министрлиги менен Өзбекстандын Коргоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- КР министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери боюнча 2024-жылдын 18-июлундагы макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол;
- КР Маданият министрлиги менен Өзбекстандын Маданият министрлигинин ортосундагы 2026-2027-жылдарга маданият жаатындагы кызматташуу боюнча иш-чаралар планы;
- КР Айыл министрлиги менен Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы 2026-2028-жылдарга агроөнөр жай комплексиндеги эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү боюнча практикалык иш-чаралар планы;
- Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен Өзбекстандын Туризм боюнча комитетинин ортосундагы туризм тармагындагы кызматташуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы;
- КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Өзбекстандын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин ортосундагы жогорку билим берүү чөйрөсүндө кредиттерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу;
- Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы 2026-2028-жылдарга эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы.



