Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-10-09, 16:11

Бишкек – Москва багыты боюнча поезд каттамы жанданат

Бишкек – Москва багыты боюнча поезд каттамы жанданат. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, каттам 18-декабрдан тарта ишке кирет. 

Бул багыт боюнча поезд жумасына эки ирет каттоосу күтүлүүдө. 

Эске салсак, аталган багыт боюнча поезд каттамы 2022-жылы Москванын транспорттук түйүнүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу Самара бекетине чейин кыскартылган. 

Мындан тышкары, 2025-жылы Бишкек – Казань багыты боюнча поезд жумасына бир жолу, ал эми Бишкек – Новосибирск багыты боюнча 8 күндө бир жолу каттамын улантат.


Тектеш материалды окуу