
Жарыяланган
2026-26-08, 10:07Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун Кеч-Алат дарыясы аркылуу өтө турган көпүрөсүнүн курулушу уланууда. Бул тууралуу «Чайна Рэйлвей Интернэшнл» ЖЧКсы билдирди.
Көпүрөнүн узундугу 956,67 метр болот. Эң бийик тирөөчү 96 метр, ал эми көпүрөнүн жалпы бийиктиги 122 метрге жетет. Компаниянын маалыматына караганда, бул темир жолдогу эң бийик көпүрө болот.
Учурда көпүрөнүн 257 пайдубалынын баары курулуп бүттү. Тирөөчтөрү жана жээктеги таянычтарынын курулушу 54% аткарылды.
Көпүрөнүн негизги аралыгы 3×96 метрлик схема боюнча болот.

