Akchabarsearch
Бишкек: Москва көчөсүндөгү тротуарды оңдоо иштери жүрүүдө

Жарыяланган

2025-03-10, 16:51

Бишкек: Москва көчөсүндөгү тротуарды оңдоо иштери жүрүүдө

Бишкек шаарынын Москва көчөсүндөгү тротуарды оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Москва көчөсүндөгү тротуардын Б.Бейшеналиева көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү жасала баштады.  Ал жердеги эски асфальт алынып, бордюрлар, арыктар орнотулуп, асфальт басканга жер даярдалат. 

Буга чейин Москва көчөсүндөгү тротуардын Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки түштүк бөлүгү асфальтталган.


Тектеш материалды окуу