Жарыяланган
2025-03-10, 15:01Бишкекте Волков көчөсүн оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Аталган көчөнүн Садыгалиевден Костанай көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот. Курулуш иштерин «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жүргүзүүдө.
Учурда эски асфальт алынып, жерди казуу иштери жүрүп жатат.
Оңдоп-түзөө иштеринен кийин аталган тилкеде асфальт жаңыланып, жаңы тротуар салынып, арыктар орнотулат.