Akchabarsearch
Бишкек-Токмок-Бишкек багыты боюнча убактылуу шаардык автобусттар жүрүп жатат

Жарыяланган

2025-22-09, 14:15

Бишкек-Токмок-Бишкек багыты боюнча убактылуу шаардык автобусттар жүрүп жатат

20-сентябрдан тарта Бишкек-Токмок-Бишкек каттамында Бишкек шаарынын муниципалдык автобустары убактылуу каттап баштады. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Бул убактылуу каттам Токмоктон Бишкекке каттаган жүргүнчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө, ошондой эле айрым жеке менчик коомдук транспорттордун убактылуу жоктугуна байланыштуу уюштурулду.

Автобустар Жибек Жолу проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинен кетет.

 


Тектеш материалды окуу