Akchabarsearch
Бишкекке кошулган аймактарды өнүктүрүүгө 600 млн сом бөлүндү

Жарыяланган

2025-12-09, 13:14

Бишкекке кошулган аймактарды өнүктүрүүгө 600 млн сом бөлүндү

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, 2025-жылы борборго кошулган аймактарды өнүктүрүүгө 600 млн сомго жакын каражат каралган. Каражат социалдык объектилерди курууга, инфраструктураны жакшыртууга, жолдорду оңдоого жана көрктөндүрүү иштерине багытталууда.

Титулдук курулуш тизмесине 6 социалдык объектти куруу, 7 долбоорлоо иши, «Орок» бала бакчасын капиталдык оңдоо жана 7 инженердик объект куруу кирет. Ошондой эле 24 долбоорлоо-изилдөө иштери пландалган.

Жолдорду оңдоого 157.7 миллион сом бөлүнүп, жалпы 12.16 чакырымды түзгөн 18 көчө камтылган. Жол белгилери дагы жаңыланууда. 

Коопсуздук максатында 2078 көчө чырагы орнотулуп, бул иштерге 49 млн сом жумшалган.

Мындан тышкары, шаардык кеңеш жаңы административдик чек араларды бекитип, эки жаңы муниципалдык аймактык башкармалык түздү. Штаттык курам кошумча кызматкерлер менен кеңейтилди.
 


Тектеш материалды окуу