Akchabarsearch
"Бишкексветтин” кызмат адамдары чоң суммадагы акчаны ыйгарып алууга шектелүүдө

Жарыяланган

2025-08-12, 17:10

"Бишкексветтин” кызмат адамдары чоң суммадагы акчаны ыйгарып алууга шектелүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкексвет" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы шаардык паркты жакшыртуу үчүн жарыктандыруу мамыларын сатып алуу учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар катталган.

Кылмыш-жаза кодексинин атайлап пайдасыз келишим түзүү беренси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Анда  аталган мамлекеттик ишкананын  кызмат адамдарынын подрядчы менен алдын ала сүйлөшүп, өзгөчө ири өлчөмдө каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышканы аныкталган.

Мындан улам "Бишкексветтин” директору Т.Э., башкы инженер И.Э. жана "ТС" ЖЧКсынын директору Н.Р. кармалды.


Тектеш материалды окуу