
Жарыяланган
2026-24-02, 12:30Бишкекте салык кызматкерлери маркасы жок продукцияларды сактоо жана сатуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты.
«Чунцин Хого» ЖЧКсына таандык соода объектисинде акциздик маркасы жок Кытай келип чыгышындагы 160 даана алкоголдук продукция, жалпы көлөмү 405 литр спирттин өзгөчө жыты бар суюктук, 124 даана кант камтыган суусундуктар аныкталган.
Ошондой эле «Выбор Востока» соода түйүнүндө акциздик маркасы жок Кытай келип чыгышындагы 248 даана алкоголдук продукция, 7 даана энергетикалык суусундуктар, 266 даана шире табылды.
Бул фактылар боюнча рейддик салык контролунун тиешелүү актылары түзүлдү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

