
Жарыяланган
2025-22-12, 17:41Быйыл 11 айда Салык кызматы өлкөдө өндүрүлгөн жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн алынып келинген товарлардан жалпы 19 млрд 493 млн сом акциз салыгын чогултту. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди.
Бул былтыркыга караганда 3 млрд 1.7 млн сомго же 17.3%га көп.
Январь-ноябрь айларында Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялардан 4 млрд 826.3 млн сом, анын ичинде алкоголдук продукциядан 3 млрд 448.3 млн сом, алкоголсуз суусундуктардан 1 млрд 297 млн сом, мунайзаттан 70 млн сом жана тамеки продукцияларынан 8.2 млн сом түшкөн.
Ал эми , ЕАЭБден импорттолгон продукциялардан 14 млрд 666 млн сом салык жыйналган. Анын ичинен тамекиден 9 млрд 111.7 млн сом, мунайзаттан 3 млрд 670.9 млн сом, алкоголдук продукциядан 653.7 млн сом жана алкоголсуз суусундуктан 749.2 млн сом чогулган.

