
Жарыяланган
2026-03-03, 16:27Бишкекте эки акча алмаштыруу жайына айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жайлар мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген.
Мындан улам алардын ар бирине 55 миң сом айып пул салынды.
Ошону менен бирге, Бишкек шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн жаранга 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.



