Akchabarsearch
Бишкекте эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиялары токтотулду

Жарыяланган

2026-26-02, 15:33

Бишкекте эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиялары токтотулду

Бишкекте эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиялары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген.

Алар:

- «БелНур» ЖЧК алмашуу бюросу;

- «Арсен эксчейнж» ЖЧК алмашуу бюросу.

Аталган жайлардын лицензиялары24-февралдан тартып 28-февралды кошо алгандагы мезгилге чейин токтотулат.


Тектеш материалды окуу