Akchabarsearch
Бишкекте эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиялары убактылуу токтотулду

Жарыяланган

2026-02-02, 09:36

Бишкекте эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиялары убактылуу токтотулду

Бишкекте эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиялары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Обменсити» ЖЧКсынын лицензиясы 9-февралга чейин, ал эми «Ават Финанс» ЖЧКсынын лицензиясы 14-февралга чейин токтотулду.

Аталган жайлар мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген.


Тектеш материалды окуу