
Жарыяланган
2026-10-02, 11:24«Дастан» дүкөнү дареги боюнча жайгашкан «Дастан и Ко» ЖЧКнын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган жай мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген. Мындан улам анын лицензиясы 21-февралга чейин токтотулду.
Бул жайга лицензия 2022-жылы 1-декабрында берилген.



