
Жарыяланган
2026-19-03, 17:00Жалал-Абад облусунда жайгашкан «АктилекМик» ЖЧКсынын акча алмаштыруу жайынын лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган жай мыйзамдарды жана Улуттук банктын талаптарын бузган.
Базар-Коргон шаарындагы жайгашкан жайдын лицензиясы 3-апрелди кошо алгандагы мезгилге чейин токтотулду.



