Akchabarsearch
Бишкекте ипотекалык үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2024-16-12, 14:30

Бишкекте ипотекалык үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды

Бишкектин Скрябин көчөсүндө курулган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлери бүгүн, 16-декабрда ээлерине тапшырылды.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, турак жай жети блоктон турат. Ар бири 15 кабаттуу, жалпы 549 батир бар.

Үйлөр социалдык багытта иштеген кызматкерлерге жана 50% үлүш кошуу шарты менен алгандарга берилди.

Маалыматка ылайык, учурда өлкө боюнча 40 миңден ашуун жаран мамлекеттик ипотекага кезекте турат.


Тектеш материалды окуу