akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-16-04, 13:47

    Бишкекте дагы 476 батир үй ээлерине тапшырылды

    Бишкекте бүгүн, 16-апрелде "Менин үйүм" программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Кубанычбек Маликов көчөсүндө салынган 476 батирди ээлерине тапшыруу аземи өттү. Ага президент Садыр Жапаров катышты. 

    Иш-чарада сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров үйгө муктаж жарандарга Бишкек шаарында гана эмес, бардык облустарда, район борборлорунда жана кичи шаарларда турак жай салынып жатканын билдирди. 

    Жапаров Кубанычбек Маликов көчөсүндө салынган турак жай комплексинен жарандарга былтыр жыл аягында 510 батир берилгенин, бүгүн 476 батир тапшырылып жатканын белгиледи. 

    Ал билдиргендей, аталган комплексте жалпы 5 миңден ашык батир салынат. Алар 2026-жылдын соңуна чейин бүткөрүлөт. 

    Ал өткөн аптада Чыңгыз Айтматов 102/1 дарегинде салынган 612 батир ээлерине тапшырылганын белгиледи. 


    Тектеш материалды окуу