Akchabarsearch
2025-жылы Бишкекте турак үйлөрдүн жана батирлердин баасы канча пайызга өстү?

Жарыяланган

2026-14-01, 15:15

2025-жылы Бишкекте турак үйлөрдүн жана батирлердин баасы канча пайызга өстү?

Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн жана батирлердин орточо баалары 2025-жылы 2024-жылга салыштырмалуу жогорулады. Бул тууралуу “Акчабарга” Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 104-сериядагы батирлердин чарчы метринин орточо баалары 2024-жылга салыштырмалуу 17,4%га, 105-сериядагы батирлер 18,9%га өстү. Ал эми жеке типтеги батирлер 21,7%га жогорулады. 

Жалпысынан, 2025-жылдын башынан баштап Бишкек шаарындагы батирлердин орточо баалары биринчи кварталда кескин түрдө өскөн. Экинчи жана үчүнчү кварталдын биринчи эки айларында батирлердин чарчы метринин орточо баалары бир калыпта турган. 

Баалардын кескин түрдө жогорулашы сентябрь айына туура келет. Октябрь айында сентябрь айына салыштырмалуу баалар кайрадан төмөндөп, жылдын аягында кайрадан сентябрь айынын көрсөткөчүнө жеткен.

Ал эми турак үйлөрдүн орточо баалары дагы 26,8 пайызга өскөн. 

Бишкек шаарында 2025-жылдын апрель, июнь, август, октябрь жана ноябрь айларында турак үйлөрдүн баалары 2024-жылга караганда кескин жогорулаган. Ал эми февраль, май, июль жана сентябрь айларында баа төмөндөгөн.

Аталган агенттик 2026-жылга болгон кыймылсыз мүлктөрдүн бааларын так болжолдоо мүмкүн эмес экенин билдирди. Бирок 2026-жылдын биринчи кварталында баалар 2025-жылдын деңгээлинен өтө төмөн болбойт.

Агенттик турак үйлөргө болгон суроо-талаптардын жогорулашы курулуш компаниялары тараптан турак жай жайгашкан жер тилкелерин көп кабаттуу имараттарды куруу үчүн сатып алуулары себеп болуп жатканын белгиледи.


Тектеш материалды окуу